super.kg logo

УКМКнын башчысынын мурунку орун басары кармалды

 

УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Даниэль Рысалиев кармалды. Ал кечээ, 12-апрелде ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында суракка чакыртылып, андан кийин камакка алынган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып жазып жатышат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Рысалиев менен бирге дагы эки атайын кызматтын кызматкери да кармалганы айтылууда.

Даниэль Рысалиев 10-февралга чейин атайын кызматта Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборду жетектеп келген.

Ал эми тиешелүү кызматтар Рысалиевдин кармалганы боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: