Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпиондугу башталды
Кечээ, 13- апрелде Бишкектеги “Жаштык Арена” спорт комплексинде алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпиондугу старт алды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, мелдешке 15 өлкөдөн келген спортчулар катышат. Мелдештер классикалык жана эркин стилдер боюнча өткөрүлөт.
Эркектер 60, 70, 80, 90, 100 килограммга чейинки жана андан жогорку салмак категориясында күч сынашат. Кыз келиндер 55, 60, 65, 70, 75 килограммга чейинки жана андан жогорку салмак категориясында беттешет.
Иш-чара Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция жана Дүйнөлүк алыш белбоо күрөшү федерациясы менен биргеликте уюштурулду. Чемпиондук 14-апрелге чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















