Азия чемпиону Афтандил Таалайбек уулу машыктыруучусу менен Таласка барды (видео)
Кечээ, 14-апрелде Талас облусунун тургундары Азия чемпиону Афтандил Таалайбек уулун, анын машыктыруучусу Хаким Махмудовду жана Париж олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбековду чоң сый-урмат менен тосуп алды.
Спортчуларга Арал айылында өзгөчө сый көрсөтүлдү. Иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус тургундары катышты. Анда Афтандил Таалайбек уулуна Талас районунун "Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылып, аргымак мингизилди. Ошондой эле машыктыруучусуна жана Жоламан Шаршенбековго да белектер берилди.
Эскерте кетсек, 6-12-апрелде Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтүп, грек-римчи Афтандил Таалайбек уулу алтын алган төрт балбандын бири болгон. Ал эми Жоламан Шаршенбеков ден соолугуна байланыштуу катышкан эмес.
Талас эли Азия чемпиону Афтандил Таалайбек уулун урмат-сый менен тосуп алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















