super.kg logo

ИИМ Чыңгыз Айдарбековдун кылмыш ишине байланыштуу фактыларды тизмектеди

 
Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин кошумча эпизоддору аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, саясатчыга буга чейин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо бөгөт чарасы тандалган.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чыңгыз Айдарбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мүлктүк активдерди мыйзамсыз каттоого тиешеси бар экендигин тастыктаган документтер табылды.
Алар:
- Көп кабаттуу турак жайдын курулушуна үлүштүк катышуу келишимдери боюнча 18 төлөм квитанциясы, эсептешүү актысы жана анын атына катталган үч үлүштүк келишим алынган.
- Айдарбеков документтерди жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз түрдө коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативинин негиздөөчүсү катары каттаткан. Ал кооперативге таандык батирди жана башка кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган. Натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
- Тышкы иштер министрлигине Түркмөнстандын министрлигинен расмий вербалдык нота келип түшкөн. Андан Чыңгыз Эгембердиев (Айдарбеков) дипломатиялык кызматта иштеп жүргөндө контрабанда (ичимдик, тамеки) жана визаларды мыйзамсыз берүү сыяктуу иштерге тиешеси бар деп шектелген. Бул аракеттер дипломатиялык кызматкердин макамына туура келбейт деп бааланып, президенттин жарлыгы менен дипломатиялык даражаларынан ажыратылган.
ИИМ Чыңгыз Айдарбеков мурда Чыңгыз Эгембердиев деген ат менен белгилүү болуп, кийин фамилиясын өзгөрткөнүн белгиледи.
"Аталган өзгөртүүлөр вербалдык нота келип түшкөндөн кийин жасалган, мында жаңы фамилиясы анын апасы тарабынан чоң таятасынын атасынын фамилиясына өзгөртүлгөн. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып, иштин бардык жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар көрүлүүдө",- деп кошумчаланган маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: