Ошто жашылча жемиштер бышып, сатыкка чыкты
Ош облусунун Араван районунда алгачкы жашылча жемиштер бышып, сатыкка чыга баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, аталган аймактагы өсүмдүктөр башка аймактарга салыштырмалуу 2-3 жумага эрте бышат.
"Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко чыгарышууда. Жакынкы күндөрү жергиликтүү сорттогу капуста, жаңы бышкан сарымсак андан кийин бадыраң, помидор, картошка, кулпунай, кокон гилас сатыла баштайт",- деп билдирди министрлик.
Өлкө аймагындагы капуста негизинен Казакстан менен Орусияга сатылары кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















