Жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбеков Тажикстанда 1-орунду багындырды
Кыргызстандык жеңил атлетчилер Тажикстанда өткөн XVI Эл аралык жарым марафондо ийгиликке жетишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалым болондой, мелдешке 20дан ашык өлкөдөн келген 100дөн ашуун жеңил атлеттер катышты.
"Аталган марафон World Athletics уюмунун календарына кирет жана жыл сайын Дүйшөмбү шаарында өтөт. Аралыгы 21 чакырым 97,5 метрди түзөт. Эркектер арасында кыргызстандык спортчу Нурсултан Кеңешбеков 1 саат 4 мүнөт 40 секунд жыйынтык менен 1-орунду ээледи.
Ал эми Мария Коробицкая кыз-келиндер арасында 1 саат 17 мүнөт 36 секундда марага келип, 3-орунду багындырды", - деп белгиленген маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















