super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы Дүйнө кубогунда күч сынашат

 
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтө турган Дүйнө кубогунда күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 20-26-апрелде өтүп, ага дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн 400гө жакын мушкери катышат.
Эл аралык турнирге беш спортчу аттанды:
  • Анвар Ходжиев (50 килограммга чейин),
  • Зафарбек Камилов (55 килограммга чейин),
  • Мунарбек Сейитбек уулу (60 килограммга чейин),
  • Омар Ливаза (65 килограммга чейин)
  • Ихтияр Нишонов (70 килограммга чейин).
Курама команданын даярдыгы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жетектеген машыктыруучулар штабы тарабынан жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: