Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир өтөт
Бишкек шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу 21-апрелде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, мелдеш 26-апрелден 1-майга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт.
Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышат.
Мындан тышкары, мыкты катышуучулар үчүн атайын номинациялар да каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















