"Шахматтык түрдө..." Салтанат Аманова жер мунапысынын экинчи этабын баштоону суранды
Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова өкмөттү жер мунапысынын экинчи этабын баштоону караштырып көрүүгө чакырды.
Ал биринчи баскычта бир нече жарандардын жерлери мыйзамдаштырылып, аларга кызыл китептер берилгенин эске салды.
"Бирок шахматтык түрдө каралып, башкалары кабатыр болуп жатышат. Ошондуктан өлкө боюнча бардык аймактын генералдык планын кайра карап, мунапыстын экинчи этабын бүтүрүп берүүнү суранам. Бул өлкө боюнча көптөгөн жарандардан келген суроо",- деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2026-06-03
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















