super.kg logo

Турак жай башкарууда санариптик өзгөрүүлөр сунушталды

 

Жогорку Кеңеш көп батирлүү үйлөрдү башкаруу тармагындагы ачык-айкындуулукту күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Маалыматка ылайык, демилгечилер – депутаттар Дастан Бекешев жана Азамжан Жалилов.

Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору турак үйлөрдү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган. Мындан тышкары турак жай ээлеринин шериктиктери (ТЭШ) кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү жана башкаруучу уюмдардын ишин жөнгө салуу каралууда.

Талкуу учурунда депутаттар бир катар сунуштарды беришти. Алардын ичинде ТЭШ мүчөлүк жана төлөм тартибин тактоо, эрежелер бузулса айып пул салуу, төрага ишин көзөмөлдөө жана отчёттуулукту күчөтүү маселелери бар.

Депутаттар Темирлан Айтиев, Бахридин Шабазов, Улукбек Карыбек уулу жана Жамиля Исаева да талкууга активдүү катышып, башкаруу системасын жакшыртуу боюнча сунуштарын билдиришти.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо таап, кийинки кароого жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: