super.kg logo

Ноокатта таза суу, жол жана билим берүү маселелери көтөрүлдү

 

Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу Ош облусунун Ноокат районуна иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында ал Кеңеш айыл өкмөтүндөгү борбордук оорукананын терапия бөлүмүндө жүрүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты. Депутат курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүп, бейтаптар үчүн сапаттуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нойгут айылынын тургундары менен жолугушуп, таза суу менен камсыздоо жана ички жолдорду оңдоо маселелерин талкуулады.

Ал эми Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Камал-Ата айылынын эли менен болгон жолугушууда айыл чарба жана билим берүү тармагындагы көйгөйлөр көтөрүлдү.

Депутат тургундардын кайрылууларын тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте карап чыгарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: