Студенттик Универсиада жыйынтыкталды
Бүгүн, 27-апрель Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин спорт базасында студенттер арасындагы Универсиаданын жабылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарыштар дээрлик 2 айга созулуп, студенттер спорттун 15 түрү боюнча жогорку жана I лига форматында күч сынашты.
Жалпы командалык жыйынтык:
1-орун - Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
2-орун - И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
3-орун - Кыргыз улуттук университети.
Белгиленгендей, активдүү катышкан командаларга спорттун олимпиадалык жана массалык түрлөрүн өнүктүрүү менен алектенген Жаштык дирекциясы тарабынан спорттук инвентарлар тапшырылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















