Кытайда кыргызстандыктар лыжа спортунда жеңүүчү аталышты
Кыргызстандыктар Кытайдын Шэньчжэнь шаарында тоо лыжа спорту боюнча өткөн Азия чемпиондугунда 4 медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, эркектер арасында Роман Нарчуганов 2 алтын медаль утуп, мелдештин башкы жеңүүчүлөрүнүн бири болгон. Ал эми кыз-келиндер арасында Альбина Иванова слалом түрү боюнча 2 коло медаль уткан.
Белгилей кетүүчү жагдай, Роман Нарчуганов Кыргызстан тарыхында FIS Азия чемпиондугунда слалом дисциплинасы боюнча алгачкы алтын медалдын ээси болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















