super.kg logo

Кызматкерлердин укуктарын бузуу учурларына каршы күрөш күчөтүлдү

 

Бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарында эмгекти коргоо жана жумуш орундарындагы зомбулук менен басмырлоого каршы күрөш темасында тегерек стол болуп өттү. Иш-чара Эмгекти коргоонун дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган.

Маалыматка ылайык, жыйын Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу көзөмөл жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан өткөрүлдү.

Министрдин биринчи орун басары К. Досматов өз сөзүндө коопсуз жана татыктуу эмгек шарттарын түзүү мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Ал жумуш ордунда зомбулукка жана басмырлоого жол берилбеши керектигин, ар бир кызматкер өзүн коопсуз жана сыйлуу сезүүгө тийиш экенин баса белгиледи.

Тегерек столдун алкагында жумуштагы зомбулук жана домогательстволорду алдын алуу, аныктоо жана кароо тартибин жөнгө салган жаңы убактылуу нускама тааныштырылды. Бул документ кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган.

Катышуучулар эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү, аларды натыйжалуу колдонуу жана кызматкерлерди коргоо механизмдерин бекемдөө боюнча пикир алышты. Ошондой эле мамлекет, иш берүүчүлөр жана кызматкерлер ортосундагы кызматташуунун мааниси өзгөчө белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: