Селден улам Гүлчөгө өзгөчө кырдаал киргизилди (видео)
Кечээ, 28-апрелде Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, мэрия тарабынан өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди.ӨКМдин маалыматы боюнча, аймакка жалпы 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника тартылган. 25 турак жай сел калдыктарынан тазаланып, анын ичинде 6 жер төлө жана 19 короо бар.
"Жеринде тиешелүү кызматтар тарабынан абалды турукташтыруу жана калкка жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жеке көзөмөлүндө. Координациялоо үчүн министрдин орун басары Искендер Сулайманов окуя болгон аймакта жүрөт",- деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин облус жетекчилиги сел суулары 92 турак жайга зыян келтиргенин билдирген.
Селден улам Гүлчөгө өзгөчө кырдаал киргизилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















