Адис Рахат уулу Кытайда пляждык күрөштөн коло медаль утту
Адис Рахат уулу VI Азия пляждык оюндарында пляждык күрөш боюнча коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.Маалыматка ылайык, ал Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан турнирде алгачкы үч беттешин топтук күрөшүү менен баштаган. Жогорку упай чогултканы үчүн чейрек финалга чыгып, каршылашы - бангладештик Хоссан Жувелди 2:0 эсебинде уткан. Жарым финалда ирандык Зароуди Алиакбарга 0:1 эсебинде утулуп калды.
Ал эми коло медаль үчүн беттеште пакистандык Абдуллах Мухаммадды 2:1 эсебинде жеңип алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















