super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпиондугу башталды

 

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын, Көркөм гимнастика федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Мелдеште 100гө жакын гимнаст кыздар жеке жана командалык программалар боюнча өз чеберчилигин көрсөтүшүүдө. Чемпионат тандоо мүнөзүндө өтүп, мыкты спортчулар май айында өтө турган Азия чемпиондугуна жолдомо алышат.

Жарыштар 30-апрелге чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: