super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндарында спорттун 43 түрүнөн күч сынашуу болот

 

Кечээ, 30-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 31-августтан 6-сентябрга чейин өлкөдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жыйында даярдык көрүүнүн азыркы абалы, негизги маселелер, аларды тез арада чечүүнүн чаралары талкууланган. Анда оюндардын үч негизги багытты: спорт, маданият жана илимди камтыган комплекстүү программасын ишке ашыруу тууралуу кеп болгон.

"Спорттук программа этноспорттун 43 түрүн камтыйт, анын ичинде салттуу күрөш, ат оюндары, интеллектуалдык мелдештер, салттуу аңчылык. Маданий компонентке этномузыка, этнобий жана элдик чыгармачылыктын эл аралык фестивалдары, ошондой эле аймактык каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана кыргыз ашканасын көрсөткөн этношаарча кирет. Илимий компонент көчмөндөр цивилизациясын, этноспортту жана туруктуу өнүгүүнүн салттуу моделдерин изилдөөгө арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияны камтыйт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: