Бишкектин борбордук аянтындагы оргумалардагы сууга түшкөндөр жазаланды (видео)
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан оргумаларда сууга түшкөн кыз менен жигит аныкталып, чара көрүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Эскерте кетсек, 9-майда социалдык тармактарда аянтта кыз менен жигиттин жосунсуз жоруктары тартылган видеосу тарады.
Аталган маалымат каттоого алынып, райондук милиция тарабынан текшерүү иштери башталды. Натыйжада 1991-жылы туулган Ж.А. жана 2005-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар аныкталды. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) жана 109-беренеси (Жалган маалыматтарды таратуу) боюнча протоколдор түзүлдү.
Милиция жарандардан коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелерин сактоого чакырат.
Бишкектин борбордук аянтындагы оргумаларда сууга түкөн кыз-жигит жазаланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















