Кара-Балтада 16 жаштагы кызды сабоого өспүрүм кыздар шектелишүүдө (видео)
Кара-Балта шаарында 16 жаштагы кызды сабоого 17, 16, 13 жаштагы кыздар шектелишүүдө. Маалыматты бүгүн, 11-майда Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 7-май күнү кечинде болгон. Жабырлануучу ошол күнү дүкөндөн үйүнө кайтып бара жаткан жолдо өспүрүм кыздарга жолугуп калган. Алардын ортосундагы сүйлөшүүдөн кийин урушту 17 жаштагы кыз баштаганы айтылат. Ал жабырлануучуну жаакка чапкан. Андан соң калган кыздар аны чачтан тартышып, башына сокку узатышкан. Ал жерге жыгылганда тепкилешкен. Аларды байкап калган бейтааныш адам ажыраткан.
Шектүүлөр болгон окуяны телефондоруна видеого тартып алышкан. Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иштер жүрүүдө. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.
Кара-Балтада өспүрүм кызды сабоого жашы жете элек 3 кыз шектелүүдө
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















