2027-жылдагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Бул тууралуу United World Wrestling уюму билдирди.Маалыматка ылайык, турнир 11–19-сентябрь күндөрү белгилүү Thomas & Mack Center аренасында уюштурулат.
Бул чемпионат 2028-жылы Лос-Анджелесте өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо берүүдө эң маанилүү этаптардын бири болуп саналат. Жалпысынан 72 олимпиадалык квота ойнотулат.

Супер-Инфо
super.kg видео
















