super.kg logo

Түркияда жол кырсыгында кыргызстандык жаран каза болду

 

Анталияда 27 жаштагы Кубат Аманбеков жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык түнкү саат 03:00 чамасында Белек туристтик трассасында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, такси унаасы велосипед менен бара жаткан Кубат Аманбековду сүзүп алган. Экөө бир багытта бара жатышкан.

Соккудан улам велосипедчи жолго ыргыган. Окуя болгон жерге "Тез жардам" менен полиция чакырылган. Дарыгерлер келгенде анын каза болгонун тастыкташкан.

Түрк ММКлары жазгандай, маркум Анталиядагы беш жылдыздуу мейманканада официант болуп иштеп келген. Анын сөөгү соттук-медициналык экспертиза үчүн Анталиядагы институттун моргуна жеткирилген.

Такси айдоочусу сурак берүү үчүн полицияга жеткирилген. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Башында маркум Казакстандын жараны деп айтылган, бирок Казакстандын ТИМи кийинчерээк түрк тараптын маалыматына таянып, Кубат Аманбеков Кыргызстандын жараны экенин тактады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: