Бишкекте заманбап ортодонтиялык жардамды өнүктүрүү маселелери талкууланды
Бүгүн, 11-майда саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Корея Республикасынын адистеринен турган делегация менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандагы стоматологиялык оорулар, ортодонтия тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана заманбап медициналык технологияларды киргизүү маселелери каралды.
Айрыкча ортодонтиялык жардамдын сапатын жогорулатууга, анын ичинде тиш-жаак системасынын тубаса кемтиги бар балдарга көрсөтүлүүчү жардамга көңүл бурулду. Тараптар дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн 3D-моделдөө жана элайнерлерди даярдоо сыяктуу санариптик технологияларды киргизүү боюнча пикир алышты.
Министр Кыргызстан жогорку технологиялуу медициналык жардамды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, ортодонтиядагы инновациялык ыкмалар боюнча Кореянын алдыңкы тажрыйбасын колдонуу маанилүү экенин айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















