Бишкекте миң долларлык кочкор уурдалып, шектүү кармалды
Бишкекте мал уурдоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, ал апрель айында Бугу-Эне-Багыш жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан баасы 1000 доллар турган кочкорду уурдап кеткен. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Мал уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Текшерүүдө анын ошол эле аймакта дагы бир нече мал уурдаганы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















