Туюк-Сууда текени мыйзамсыз аткандар кармалды
Нарын районунун Туюк-Суу тилкесинде текени мыйзамсыз аткандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын инспекторлору жана Нарын мамлекеттик коругунун кызматкерлери биргелешкен рейд учурунда браконьерлерди кылмыш үстүндө кармашты. Алардан курал-жарак жана союлган жаныбардын эти алынды.
Бул одоно зыян үчүн мыйзам бузуучуларга 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлуп, чогултулган материалдар Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















