Ливан менен Израил ок атышпоо келишимин 45 күнгө узартат
Ливан менен Израилдин ортосунда 16-апрелде түзүлгөн ок атышпоо келишими 45 күнгө узартылат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Томми Пиготт Х социалдык тармагына жазган.
"АКШ 14-15-май күндөрү Израиль менен Ливандын ортосунда эки күнгө созулган өтө жемиштүү сүйлөшүүлөргө катышты. 16-апрелдеги ок атышууну токтотуу режими дагы 45 күнгө узартылат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти сүйлөшүүлөрдүн саясий багытын 2-3-июнда кайра жандантат. Мындан тышкары, 29-майда Пентагондо эки өлкөнүн аскердик делегацияларынын катышуусунда коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөр башталат", — деп жазды ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















