«Евровидение-2026» ыр сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (видео)
Австриянын борбору Вена шаарында кечээ, 16-майда "Евровидение-2026" эл аралык ыр сынагынын финалдык туру болуп өттү. Аталган сынакта бул жолу Болгария жеңишке жетти.
Сынакта болгариялык ырчы Дара (ред.: Дарина Николаева Йотова) "Bangaranga" ыры менен өлкө намысын коргоду. Калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында ал 516 упайга ээ болуп, биринчиликти камсыздады. Бул Болгариянын аталган сынактагы алгачкы жеңиши.
Экинчи орунду израилдик Ноам Беттан "Michelle" балладасы менен (343 упай) багындырса, ал эми үчүнчү орунду 296 упай менен румыниялык Александра Кэпитэнеску ээлди. 22 жаштагы ырчы «Choke Me» ырын аткарган.
Сынактын финалдык бөлүгүндө 25 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышты.
Маалымат үчүн: "Евровидение" ыр сынагы 1956-жылдан бери өткөрүлүп келет жана 600 миллионго чейинки көрүүчүлөргө ээ болгон дүйнөдөгү эң популярдуу иш-чаралардын бири болуп саналат.
«Евровидение-2026» ыр сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
«Евровидение-2026» ыр сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















