АКШнын деңиз блокадасынан Иран танкери өтүп кетти
АКШнын деңиз блокадасынан Ирандын танкери өтүп кетип, ал Ирандын аймактык сууларына кирип, Перс булуңундагы Харг аралына токтоду. Бул тууралуу ирандык Fars агенттиги жазып чыкты.
“АКШнын санкциясына туш болгон жана эки жума мурун Индия жээгинин жанында турган Иран танкери азыр Харг аралына келип токтоду. Суюлтулган газ ташыган танкер АКШнын деңиз блокадасынын линиясын кесип өтүп, байкалбай Иран сууларына кирди”, - деп айтылат маалыматта.
Маалыматта ошондой эле АКШ менен Израил 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге сокку урууну баштаганы, бул чабуулдардан 3 миңден ашуун адам каза болгону айтылат. Вашингтон менен Тегеран 8-апрелде ок атышууну токтотуу тууралуу жарыялаган. Андан кийинки Исламабадда өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган. Бирок жаңжал кайра жанданганы тууралуу расмий билдирүү жок, ошол эле учурда АКШ Ирандын портторуна блокада киргизе баштаганы белгиленет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















