super.kg logo

АКШнын деңиз блокадасынан Иран танкери өтүп кетти

 

АКШнын деңиз блокадасынан Ирандын танкери өтүп кетип, ал Ирандын аймактык сууларына кирип, Перс булуңундагы Харг аралына токтоду. Бул тууралуу ирандык Fars агенттиги жазып чыкты.

АКШнын санкциясына туш болгон жана эки жума мурун Индия жээгинин жанында турган Иран танкери азыр Харг аралына келип токтоду. Суюлтулган газ ташыган танкер АКШнын деңиз блокадасынын линиясын кесип өтүп, байкалбай Иран сууларына кирди”, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта ошондой эле АКШ менен Израил 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге сокку урууну баштаганы, бул чабуулдардан 3 миңден ашуун адам каза болгону айтылат. Вашингтон менен Тегеран 8-апрелде ок атышууну токтотуу тууралуу жарыялаган. Андан кийинки Исламабадда өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган. Бирок жаңжал кайра жанданганы тууралуу расмий билдирүү жок, ошол эле учурда АКШ Ирандын портторуна блокада киргизе баштаганы белгиленет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: