Коргоо министринин орун басарынын уулу аткезчиликке шектелип кармалды
УКМК кызматкерлери коргоо министринин орун басарынын уулун кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда укук коргоо органдарындагы булактарына таянып айрым жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Андагы маалыматтарга ылайык, 16-майда УКМК чет өлкөлүк тамеки продукциясын аткезчилик жолу менен ташып жүргөн кылмыштуу топ кармалганын билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, бул каналга Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин да тиешеси бар болгон.
Шектүүлөр аткезчилик жүктүн кезектеги партиясын алып чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалганы айтылды.
Кармалгандардын арасында “Кант” чек ара бекетинин башчысы жана коргоо министринин орун басары Азизбек Байбалаевдин 23 жаштагы уулу С.А. да бар. Ал аталган чек ара бекетинде кызмат өтөп жүргөнү белгиленди.
Тиешелүү кызматтар азырынча расмий маалымат берише элек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















