Астана шаарынын 19 жаштагы жашоочусу жаңы төрөлгөн ымыркайын сатканы айтылды
Астана шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды мыйзамсыз түрдө башка үй-бүлөгө берген 19 жаштагы келин ата-энелик укуктан ажыратылды. Бул тууралуу шаардык прокуратура маалымдады.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, жаш келин ортомчулар аркылуу өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын жубайларга жасалма карын энелик келишиминин негизинде акчага өткөрүп берген. Маалыматка ылайык, бул келишим кош бойлуулуктун сегизинчи айында түзүлгөн.
Соттун 2025-жылдын 23-майындагы өкүмү менен келин жана ортомчулар Кылмыш-жаза кодексинин “Жашы жете электерди сатуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Аларга 8 жылдык шарттуу жаза берилип, пробациялык көзөмөл дайындалган.
Баланын укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында ымыркай атайын балдар мекемесине жайгаштырылган. Мындан тышкары, адистештирилген балдар үйүнүн доо арызынын негизинде эне ата-энелик укуктан ажыратылды.
Астана прокуратурасы балдарга байланышкан мыйзамсыз аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана мындай иштер укук коргоо органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө экенин эскертти.
Буга чейин Казакстанда дагы бир аял жаңы төрөлгөн кызын 800 миң теңгеге сатууга аракет кылганы кабарланган. Ал акча алып жаткан учурда кармалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















