Унаасын токтотуп, бирок акысын төлөбөгөн айдоочуларга айып пул салынды (видео)
Бишкекте акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларга унаасын токтотуп, бирок ал үчүн акча төлөбөгөн айдоочуларга айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кайгуул кызматы борбор калаада атайын рейд өткөргөн. Анда акы төлөбөгөн айдоочуларга жеринен тиешелүү протоколдор түзүлүп, ар бирине 1000 сомдон айып пул салынган.
Белгилей кетсек, шаарда акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлардын баасы 25 сомду түзөт.
Акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жай
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















