Агартуу министрлиги: Мугалимдер мектептеги оңдоп-түзөө иштерине тартылбайт
Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин жайкы эс алуу мезгилинде оңдоп-түзөө иштерине тартууга тыюу салынат. Бул тууралуу 22-майда Агартуу министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, бул жылы республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп-түзөө иштерине 404 миллион сом каралган. Буга чейин каражат курулуш материалдарын сатып алууга бөлүнүп келсе, эми утурумдук оңдоп-түзөө иштерин аткаруучу кызматтарга да каралган.
Бул багытта аймактык бөлүмдөргө расмий кат жөнөтүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мугалимдерди чарбалык иштерге тартууга жол берилбей турганы эскертилди.
Айта кетсек, кечээ, 21-майда Чүй облусундагы президенттин өкүлү Элкинбек Аширбаевдин Ысык-Ата районундагы Жайылма айыл өкмөтүндө эл менен жолугушуусу болуп өткөн. Анда жергиликтүү мугалим мектептеги жайкы оңдоп-түзөө иштерин ким жасай турганы тууралуу суроо узаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















