Кичинесинен карысына чейин чуркашып... Бишкекте жарым марафон өттү
Бишкекте эл аралык One Run жарым марафону өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, жарышка борбор калаанын тургундары жана кесипкөй спортчулар болуп жалпы 1200дөн ашык адам катышты. Катышуучулардын жаш курагы 12 жаштан 90 жашка чейин.
Чуркоону сүйгөндөр 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкта жарышса, балдар 1 чакырым аралыкка жүгүрүштү. Ар бир катышуучу марага жеткен соң эстелик медаль менен сыйланды. Ал эми өз категориялары боюнча 1, 2 жана 3-орундарды багындырган жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылганы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















