"Айланайын, эжекеси". Бишкекте аял айдоочу милиционерди унаасынын капотунда сүйрөдү (видео)
Бишкекте ээнбаштыкка шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-майда Hyundai Accent жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда майда жол кырсыгы катталган. Hyundai Accent үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол тескөөчүлөргө тийиштүү протокол түзүү үчүн документтерди берүүдөн баш тарткан. Андан соң окуя болгон жерден качууга аракет кылып, милиция кызматкерин унаасы менен сүзүп, каптуна жабаштырган боюнча айдаган.
Ошентсе да унаа токтотулган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголуп, аял убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Видеодон жол тескөөчү унаасынан чыкпай бекинип отруруп алган айдоочуга "айланайын эжекеси" деп жалынып жатканын көрүүгө болот.
Бишкекте аял айдоочу милиционерди унаасынын капотунда сүйрөдү
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















