Бишкекте үч өспүрүм кыз дайынсыз болууда
Бишкекте үч өспүрүм кыз дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
- Айданек Дүйшева, 17 жашта. Былтыр 15-октябрда Балдарды адаптациялоо борборунан чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз. Бою 160–165 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзү кара.
- Аружан Данакулова, 17 жашта. 2-майда болжол менен саат 17:30да Балдарды адаптациялоо борборунан качып чыгып кеткен бойдон кайткан эмес. Бою 155–160 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзү кара, чачы кара.
- Кристина Суханова, 15 жашта. 12-май күнү болжол менен саат 09:30да Балдарды адаптациялоо борборунан качып кеткен. Бою 165–170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кыска.
Милиция аталган кыздарды көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номуралы: (0312) 35-29-47, (0312) 35-26-71, 0224 21-43-46.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















