Индонезиядагы тоодо чагылган түшүп, турист каза болду
Индонезиянын Түштүк Сулавеси провинциясындагы Монроло тоосунуна чагылган түшүп, бир турист каза болду. Бул тууралуу ANTARA маалымат агенттиги куткаруу кызматтарына таянуу менен билдирди.
Каргашалуу окуя жекшемби күнү кечинде катталган. Анда беш турист болжол менен бийиктиги 1109 метр болгон Монроло тоосуна чыгышкан.
Куткаруучулар билдиргендей, ошол учурда аба ырайы кескин начарлап кеткен. Туристтер нөшөрлөп жааган жамгырга карабай чокуга жетип, сүрөткө түшүүнү чечишкен. Ошол учурда чагылган түшкөн.
"Төрт адам аман калды, бирөө каза болду. Каза болгон жаран 25 жашта",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















