super.kg logo

Конгодо эболага чалдыккан 13 бейтап ооруканадан качып кетти

 

Конгонун түндүк-чыгышында эболага чалдыккан бейтаптар кармалган ооруканадан өрт чыгып, анын кесепетинен 13 бейтап качып кетти. Бул тууралуу Radio Okapi билдирген.

Анда маалымдалгандай, аталган ооруканада эболага шектелген 28 жаран болгон. Өрт башталганда 13 бейтап изолятордон качып кетишкен. Учурда алар дайынсыз, полиция кызматы издөө иштерин улантууда.

Ал арада дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус абал өтө олуттуу экенин билдирди.

Анын айтымында, учурда эболадан 220 өлүм катталган.

Гебрейесус эпидемиянын очогу болуп жаткан Конго менен чектеш өлкөлөр тез арада чара көрүшү керектигин кошумчалады.

Маалымат үчүн: Эбола - өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар саналат. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу өтөт. Мындан улам оорулуу адам менен жакын байланышта болуу коркунучтуу.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: