Ормуздагы кырдаал: Индия Латын Америкадан мунай сатып алууну көбөйттү
Индия Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашынан улам Латын Америкасынан жана Африка өлкөлөрүнөн мунай сатып алууну көбөйттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги Kpler аналитикалык компаниясынын маалыматына таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, индиялык мунай иштетүүчү заводдор Венесуэла, Бразилия, Ангола жана Нигериядан мунай импортун арттырган. Бул Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүлөрдүн азайышынан улам келип чыккан тартыштыкты жабуу максатында жасалууда.
АКШ менен Израил февралдын аягында Иран аймагындагы объекттерге сокку урган.
Чабуулдардын натыйжасында 3 миңден ашуун адам каза болгон. Кийинчерээк Вашингтон менен Тегеран ок атышууну токтотуу тууралуу билдирүү жасаганы менен аймактагы абал толук турукташкан эмес.
Аймактагы чыңалуунун күчөшүнөн улам Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдары дээрлик токтогон. Бул кысык дүйнөлүк рынокко мунай продукттарын ташыган эң маанилүү жолдордун бири болуп эсептелет.
Адистердин айтымында, кырдаал дүйнөлүк энергетикалык рынокко таасирин тийгизип, көптөгөн өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө алып келүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















