Тайвань Кытайдын аскердик күзөтүнө жооп кайтарды
Тайвань Кытайдын аскердик аба жана деңиз күчтөрү жүргүзгөн биргелешкен күзөтүнө жооп кылып аскердик кемелерин жана учактарын аймакка жөнөттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Тайвандын коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, окуя учурунда кагылышуу катталган эмес. Ошол эле учурда арал бийлиги Кытайдын Ляонин авиациялык кемеси Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү кыймылына көз салып жатканын билдирген.
25-майдын кечинде Тайвандын аскерлери аралдын айланасынан Кытайдын аскердик тобун байкашкан. Анын курамында “J-16” аскердик учагы, учкучсуз аппараттар жана аскердик кемелер болгон. Тайвань тарап бул аракетти “согуштук даярдыктагы биргелешкен күзөт” деп мүнөздөдү.
Жарыяланган сүрөттөрдө кытайлык эки аскердик учак “Y-20” май куюучу учагын коштоп учуп бара жатканы, ошондой эле “Иньчуань” аскердик кемеси көрсөтүлгөн.
Маалыматка караганда, Кытай ушундай эле аскердик даярдык текшерүүсүн өткөн жумада да өткөргөн. Андан тышкары, дем алыш күндөрү Түштүк Кытай деңизиндеги Пратас аралдарына жакын аймакта жээк күзөт кемелеринин катышуусунда дагы ушундай окуя катталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















