Беткапчан киши 15 жаштагы өспүрүмгө жардам берди
Социалдык тармактарда "Беткапчан киши" деген ат менен белгилүү болгон казакстандык жаран бул ирет 15 жаштагы Полат аттуу өспүрүмгө жардам берди.
Өспүрүмдүн айтымында, карындашынын эки бөйрөгү иштебей, операция жасатууга муктаж болуп турат.
"Карындашым 13 жашта. Анын эки бөйрөгү иштебей, тез арада операция (ред.: 45 миллион теңгеге) жасатуу керек болууда. Атам оорунун айынан каза болуп калган. Өзүбүздүн үйүбүз жок. Ар кайсы жумуштарда иштейм. Жумуш дайыма эле боло бербейт. Иш берүүчүлөр дагы мектеп окуучусун ишке ала беришпейт.
Үйдө улуу бала болгонум үчүн мага оор болууда. Эгер карындашым айыгып кетсе - кыялым аткарылмак эле",- деген Полат.
Беткапчан киши өспүрүмгө карындашынын дарылануусуна каражат жана баш калкалоого батир берген.
Беткапчан адам дагы бир жаранга жардам берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















