Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн 250 долларлык купюра чыгышы мүмкүн
АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн портретин жаңы банкнотко түшүргүсү келет.
The Washington Post басылмасынын маалыматы боюнча, Трамптын администрациясы анын сүрөтү түшүрүлгөн жаңы 250 долларлык банкнотту сунуштап жатат. Алар бул боюнча мыйзам долбоорун 4-июлга, тагыраагы, АКШнын негизделгенинин 250 жылдыгына чейин даярдоону көздөшүүдө.
Басылма АКШда банкнотторго каза болгон адамдардын гана сүрөтү түшүрүлүшү керек деген эреже бар экенин белгилейт. Бул идеяны ишке ашыруу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















