Израилдин башкы аэропорту эки айда 248 миллион доллар жоготту
АКШнын аскердик күйүүчү май куюучу учактарынын Израилдеги Бен-Гурион аэропортуна жайгашуусу аэропорттун ишине олуттуу тоскоолдук жаратты. Израилдин аэропорттор башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда аэропорт өз мүмкүнчүлүгүнүн болгону үчтөн бири менен иштеп жатат. Мунун кесепетинен акыркы эки ай ичинде 248 миллион доллар чыгым катталды.
Башкармалыктын өкүлдөрү абал өзгөрбөсө, жакынкы күндөрү айрым авиакаттамдар токтотуларын билдиришти. Ошондой эле жайкы сезондо болжол менен 3 миллион жүргүнчү учуу көйгөйлөрүнө туш болушу мүмкүн экени айтылды. Мындан тышкары, быйылкы жүргүнчү агымы боюнча пландалган 18 миллион көрсөткүч 15 миллионго чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
Израил тарап АКШнын аскердик учактары аэропорттон качан чыгарылары белгисиз бойдон калып жатканын белгилеп, учурда авиация тармагында чоң белгисиздик өкүм сүрүп жатканын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















