Дмитрий Бивол Екатеринбургдагы бокс боюнча беттеште Михаэль Айфертти жеңди (видео)
Кечээ,30-майда Екатеринбург шаарында RCC Boxing Promotions уюму тарабынан профессионалдык бокс кечеси өткөрүлдү.
Кеченин негизги беттешинде абсолюттук дүйнө чемпиону, жарым оор салмактагы белгилүү мушкер Дмитрий Бивол менен германиялык Михаэль Айферт күч сынашты. Алар таймашта IBF жана WBA чемпиондук курлары үчүн күч сынашты.
Беттеш толук 12 раундга созулуп, анын жыйынтыгында Дмитрий Бивол бардык калыстын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңишке жетти. Муну менен ал чемпиондук курларын ийгиликтүү коргоп калды.
Дмитрий Бивол учурда дүйнөлүк P4P рейтингинин алдыңкы бештигине кирет.
Белгилей кетсек, бул Биволдун 2021-жылдын декабрынан бери Орусияда өткөргөн алгачкы беттеши болду.
Дмитрий Бивол Екатеринбургдагы бокс боюнча беттеште Михаэль Айфертти жеңди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















