Депутат айым камактагы жолдошуна жолукканын билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова камактагы жолдошу, президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдон кабар алганын билдирди.
"Мен бүгүн камакта жаткан өмүрлүк жолдошум Жаныбек Кубандыковго кирип, баарлашып чыктым. Эң негизгиси ал сөз болуп жаткан чет өлкөлүктөрдүн 5 миллион 500 миң долларын алып коюшкан деген дооматка тиешеси жок экенин билдим. Болгону чет өлкөлүк жаран менен орусиялык жаранды тааныштырып, көздөштүрүп койгон экен. Бирөөсү сатуучу, экинчиси сатып алуучу болгон.
Эки жак тең Жаныбекке акча бергенбиз деп көрсөтмө берген эмес. Орусиялык жаран польшалык жаранды 5 миллион 500 миң долларга алдап кетиптир. Ортодо тааныштырганы үчүн Жаныбек күйүп жатат. Иш адилет каралса Жаныбек чыгат, буюрса!" - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Эске салсак, УКМК 22-майда Жаныбек Кубандыков алдамчылыкка шектелип кармалганын маалымдаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















