super.kg logo

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна каржы табылдыбы?

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Элдик банктын" башкы кеңсесин ачып жатып, аталган банк ири долбоорлорду каржылоого катышарын айтты.

"Элдик банк" улуттук маанидеги инфратүзүмдүк, энергетикалык, транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышат.

Банк өлкөбүздүн эң ири энергетикалык долбоорлорунун бири – жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү долбоорлоруна, авиация тармагын өнүктүрүүгө, өлкөнүн билим берүү жана медициналык мекемелерин колдоого насыя бөлмөкчү",- деди мамлекет башчы.

Буга чейин өкмөт жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Орусия менен сүйлөшүү жүргөнүн тастыктаган.

Маалымат үчүн:

2012-жылы кол коюлган Орусия жана Кыргыз өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады тең үлүштө курулуп жана пайдаланууга берилмек. 2014-жылы курулуш иштери башталып, 2015-жылы каржылануу жагы кечиктирилип жатканына байланыштуу макулдашуу боюнча маселелер көбөйө баштаган. 2015-жылдын аягында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Орусия аталган долбоорду ишке ашыра албай турганын айткан.

2017-жылы 10-июлда өлкөгө ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "РусГидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Бирок чехиялык компания бул сумманы өз убагында төлөп бере алган эмес. 2017-жылы 18-сентябрда өкмөттүн кеңешмесинде ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

2023-жылы жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча британиялык Minddock Limited DBA Enterprise Energy Investments компаниясы менен келишим түзүлүп, ошол эле жылы меморандум токтотулган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: