Садыр Жапаров "Элдик банктын" жаңы башкы кеңсесин ачты
Бүгүн, 2-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарында "Элдик банктын" жаңы башкы кеңсесинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалымдалгандай, банктын бөлүмдөрү жакында курулган имараттын алты кабатында жайгашкан жана заман талабындагы кардарларды тейлөөчү зоналарды, кызматкерлер үчүн жумушчу жайларды, эне жана бала бөлмөлөрүн, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн атайын санитардык бөлмөлөрдү камтыйт.
Мамлекет башчы “Элдик банктын” жаңы имаратынын ачылышы – мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жана өнүгүүнүн белгилеринин бири экенин белгилеп, 80 миллиард сомдон ашык капиталы бар каржы институту экенине токтолгон.
Садыр Жапаров банктын жетишкендиктерине өзгөчө токтолуп, “Элдик банк” Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык капитал рынокторуна чыкканын белгиледи. Быйыл Лондон фондулук биржасында 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү еврооблигацияларды ийгиликтүү жайгаштырылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















