“Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу 1-июлдан башталат
“Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу 1-июлдан башталат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаев маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, Кыргызстанда үч жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейинки бала бул жөлөк пулду алууга укуктуу болот.
"Программаны ишке ашырууга мамлекет жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом бөлүүнү пландоодо. Анын ичинде программа 2026-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргенине байланыштуу ушул жылы болжол менен 3,1 миллиард сом талап кылынат.
“Бала ырысы” — бул жөн гана жөлөк пул эмес. Бул биздин балдарыбыздын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана бакубат жашоосуна, демек Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция. Биз ар бир бала үй-бүлөсүнүн социалдык абалына карабастан мамлекеттин колдоосуна ээ болгон системаны ырааттуу түрдө түзүп жатабыз",- деди министр.
Жөлөк пулду дайындоого керектүү бардык маалыматтар "Түндүк" системи аркылуу алынат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















