super.kg logo

Өзгөндө өз билемдик менен салынып жаткан цехтердин курулуш иштери токтотулду

 
Оштун Өзгөн районунда тиешелүү уруксат документтери жок салынып жаткан өндүрүш цехтеринин курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, Кароол айыл аймагынын Күнгөй участкасында жайгашкан пластик жана таш өндүрүүчү цехтердин курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Ошондой эле курулуп жаткан объектилер курулуш объектилеринин мамлекеттик реестрине катталган эмес.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Р.Т. аттуу жаранга жана "Муслим Таш" ЖЧКсына карата милдеттүү көрсөтмөлөр берилген. Ошондой эле жалпы суммасы 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мындан сырткары, бардык тиешелүү уруксат берүүчү документтер мыйзам талаптарына ылайык толук таризделгенге чейин курулуш иштери токтотулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: