АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын президент мезгилиндеги расмий Instagram аккаунтуна белгисиз адамдар тарабынан чабуул жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Жекшемби күнү саясатчынын аккаунтунда түшүнүксүз мазмундагы посттор пайда болгон. Анын ичинде жасалма интеллект аркылуу жасалган сүрөт да болгон. Жарыяланган сүрөттүн астында "Ак үй шииттердин көзөмөлүндө" деген перс тилиндеги жазуу болгон. Кийинчерээк бул аракет хакерге тиешелүү экени аныкталган.
Meta компаниясынын өкүлү аккаунттун чабуулга кабылганын тастыктап, баракча кайрадан толук көзөмөлгө алынганын билдирген.
Белгилүү болгондой, акыркы жолу бул аккаунтка 2017-жылдын 20-январында, Обаманын президенттик мөөнөтү аяктаган күнү пост жарыяланган. Учурда хакердин ким экени такталууда.

Супер-Инфо
super.kg видео

















